Добуш сатып алуу менен жакшы күрөшкөн милицияга сый акы берилет, – Жапаров

Добуш сатып алуу менен жакшы күрөшкөн милицияга сый акы берилет.

Бул туурасында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров парламентте билдирди.

Маалыматка караганда,  күч органдары толугу добуш сатып алууларды далилдеп, бардык мыйзам бузуулары боюнча фактыларды алып келсе, кимиси көбүрөөк далил тапса, ошонусуна карап сый акы берүү боюнча механизмдер каралып жатат.

Бирок, Жапаров сый акынын көлөмүн атаган жок. Шайлоо 28-ноябрда өтөт.