Чыңгыз Эсенгулов Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды

Бул тууралуу аалыматты министрликтин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, ал бүгүн эмгек жамаатына тааныштырылды.

Кошумчалай кетсек, 34 жаштагы Эсенгулов мурдагы өкмөт башчылар Сапар Исаков, Сооронбай  Жээнбеков, Мухаммедкалый Абылгазиев жана Кубатбек Бороновдун тушунда маалымат катчы жана өкмөттүн маалыматтык саясат бөлүмүн жетектеген.