Бишкек шаарындагы Байтик баатыр менен Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишиндеги толук курулуп бүтө элек имараттын 8-кабатынан секирген. Окуянын чоо-жайын Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
27-октябрда саат 12:39да Бишкек ШИИББдин «102» кызматына Байтик баатыр жана Сүйөркулов көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан курулуп жаткан көп кабаттуу үйдүн үстүнкү кабатында «М» аттуу жаран өз жанын кыюуга аракет кылып жатканы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Окуя болгон жерге шаардык милициянын үчүнчү бөлүмүнүн тергөө-ыкчам тобу жана Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчилиги жөнөп кетишти.
Узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө 1999-жылы туулган Т.М. аттуу жаран 8-кабаттан секирип кетти. Андан соң окуя болгон жерден тез жардам кызматкерлери аны Бишкек шаардык травматология жана ортопедия илимий борборуна алып кетишти. Жигит эсине келбей жолдо каза болуп калды.
Учурда милиция окуянын чоо-жайын изилдеп жатат.