Бажы кызматына келген Адилет Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү?

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчилик алмашты. 26-октябрда мекеменин башчысы болуп Адилет Кубанычбеков дайындалды. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров аны кызматка бекитти.

gts Бажы кызматына келген Адилет Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү?

Фактчек редакциясы Адилет Кубанычбеков тууралуу бир нече факты чогулткан.

Минюстта берилген маалыматтарга таянсак анын наамына 6 компания катталган. Алардын ичинен бешөө учурда иштеп жатат

Баардык компаниялар жаңы жана 2018-жылдын аралыгында түзүлгөн.

Жоопкерчилиги чектелген коом Индустриал Парк Силк Вэй – соода өнөр жай жана тигүү комплекси. Анын ээлеген жери эле 70 гектар.

Компания Казакстан менен чектешкен аймакта жайгашкан жана Манас аэропортуна 30 км жакын жайгашкан.

Муну менен катар аталган аймакта Аламүдүн мамадминистрациясы тарабынан бир катар мыйзам бузуулар аныкталган. Анда жер кодекси одоно бузулуп, трансформация кылынбай туруп, жердин үстүңкү түшүм берүүчү катмары алынган.

gts Бажы кызматына келген Адилет Кубанычбеков тууралуу эмне белгилүү?

Логистикалык жай менен мурунку Самат Исабеков Силк Вэй комплекси менен таанышып жаткан учуру

Аталган компания 4,2 млн сом салык төлөгөн.

Индустриал Парк Силк Вэй дагы эки коммдун негиздөөчүсү болуп эсептелет.

Юридикалык жактардын коомчулугу.

Текстиль жеңил өнөр жайынын Ассоциациясы

ЖЧК Парк Силк Вэй Корпорациясы директору Лю Ин

ЖЧК Силк Вэй Курулуш компаниясы – турак жай жана курулуш иштери менен алектенет.

Анын негиздөөчүлөрү болуп Бажы кызматына келген Кубанычбековдон тышкары дагы эле Лю Ин, (бирок ал негиздөөчү катары) жана Лю Кан болуп саналат.

Салыктардын жалпы төлөнгөн суммасы 1,2 млн сом.

ЖЧК Кыргыз Энерго сбыт компаниясы – электр энергияны таратуучу компания. Компаниянын катарында Кубанычбек Бакиев турат.

Баары бир даректе катталган: Алмата, 1

“ЮГ” Биргелешкен Бажы катталуучу жайы – Максуталиев Жеңишбек Жусубалиевич – директор, 2017-жылы мурунку депутат Нургазы Нишановдун жардамчысы (Республика Ата-Журт)

“Север” Биргелешкен катталуу жайы -2021-жылдын 13-июнунда негизделген. Директору дагы эле Максуталиев Женишбек Жусубалиевич.

Эске салсак, мекеменин маалыматына караганда, мурдагы жетекчи Самат Исабеков жана аны менен кошо эки орун басары “башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу” деген негизде кызматтан алынышты.

Жаңы орун басарлар болуп Эрик Ирискулбеков жана Азамат Абдыкалыков дайындалышты. Бажы кызматында жалпысынан төрт орун басарлык кызмат бар.

Адилет Кубанычбеков буга чейин Silk Way индустриалдык паркынын жетекчиси болчу.

Самат Исабеков бажы мекемесине жетекчи болуп төрт ай мурда дайындалган.