Залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткан келин кызын көргүсү келет

Залалдуу шишик дарты менен күрөшүп жаткан Алина Батурова 5 жаштагы кызы менен көрүшө албай жатканын айтып кайрылуу жасады.

Алина Батурова социалдык тармактагы баракчасы аркылуу жасаган билдирүүсүнө ылайык, ал эмчектин залалдуу шишик дартынын 4-стадиясы менен жабыркап келет. Андан тышкары мээде, боордо жана өпкөсүндө кеңири метастаздар бар. Учурда оор илдет менен күрөшүп жаткан Алина айым ар 4 саат сайын морфин алат. Бейтаптын күйөөсү Казакстандын Жамбыл облусунда жашап, кызын көрүүгө уруксат бербей, жардам берүүдөн баш тарткан. Дарыгерлер бейтаптын ичер суусу түгөнөрүнө саналуу күндөр калганын белгилешкен.

Кызы менен көрүшүүнү каалаган бейтаптын маселесин Тышкы иштер министрлиги көзөмөлгө алды.

“Министрлик Кыргыз Республикасынын Алматы шаарындагы Башкы консулдугу менен биргеликте бул фактыга керектүү бардык жагдайларды тактоо үчүн Алина Батурованын жолдошу менен ошондой эле апасынын туугандары менен, тиешелүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатат”, – деп кошумчалашты мекемеден.