Канат Исаев “Кыргызстан” партиясынын лидерлигинен кетти

Жогорку Кеңештин депутаты Канат Исаев “Кыргызстан” партиясынын лидерлигинен кетти. Бул тууралуу аталган партиядан “Азаттыкка” тастыкташты.

Чечим партиянын съездинде кабыл алынган. “Кыргызстан” партиясынын жаңы лидери болуп “Аю холдингдин” вице-презденти Нурлан Абдыразаков шайланган.

Канат Исаев партия жетекчилигинин алмашуусу тууралуу комментарий берген жок.

Ал парламенттик шайлоого бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан талапкер катары бара жатат.

“Кыргызстан” партиясынын негиздөөчүсү “Аю холдингдин” кожоюну Шаршенбек Абдыкеримов бир мандаттуу №33 Нарын шайлоо округунан талапкер болуп катталган. Абдыкеримовдун талапкерлигин “Кыргызстан” партиясы көрсөткөн.