Орусияда кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту

Орусиянын Сургут шаарында кыргызстандык жубайлар жол кырсыктан каза болушту. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кырсык 23-октябрда Сургут-Когалым унаа жолунда болгон. Сургуттан Ноябрскти көздөй бара жаткан Hyundai унаасынын 22 жаштагы айдоочусу каршы тилкеге ​​чыгып, Мерседес үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаанын дөңгөлөктөрүнүн астында кирип кеткен.

Унаанын айдоочусу, 19 жаштагы аял киши менен 36 жаштагы эркек киши окуя болгон жерде каза болгон. Андан сырткары дагы бир 19 жаштагы жаран ооруканага жеткирилген.

“Биз кимге барып, сөөктөрдү качан жана кантип алып чыгып кетишибизди билбей жатабыз. Маркумдардын сөөктөрүн Кыргызстанга жеткирүү үчүн акча чогултуп жатабыз. Каза болгон кыздын агасы менен маркумдун досу аракет кылып жатышат, бирок азырынча жылыш жок”, — деп билдирген окурман.

Кыргызстанга сөөктөрдү ташууда каза болгондордун жакындарына колдоо көрсөтөм деген мекендештер +996555775368 (Оксана) номерине кайрылса болот.