Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды

Өзүн кыргыздын деми атаган Гүлзат Мамытбек алдамчылык фактысына шектелип кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Бишкек ШИИББине 7 жаран арыз менен кайрылган. Арызда Гүлзат Мамытбек алардын ишенимине кирүү аркылуу ар кимисинен ар кандай суммадага акча алган. Жалпы зыян 110 долларды түзгөн. Андан соң шектүү из жашырып кеткени арызда жазылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

25-октябрда Гүлзат Мамытбек Кыргыз өлкөсүнө келгенде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери жүрүүдө.