Баңгизаттарды сатууга шектелген коңшу өлкөнүн жараны кармалды

ИИМдин БМЖКККнын кызматкерлери баңгизаттарды сатууга шектелген коңшу өлкөнүн жаранын кармашты

YouTube video

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгы тарабынан Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 267-беренесинде (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери боюнча катталган сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө баңгизаттарды саткан чет элдик жаран кармалды.

YouTube video


Аталган башкармалыктын кызматкерлери тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүү учурунда Баткен облусунун Жаштык айылынын аймагында Тажикстан менен чектешкен башкы жолдо баңгизаттарды жеткирүүнү уюштуруп жана сатууну көздөгөн Тажикстан Республикасынын З.З. аттуу жараны кармалган. Ага тинтүү жүргүзүү учурунда скотч менен таңгакталган 9 кг салмактагы өзгөчө жыты бар “гашиш” баңгизаты табылып алынган.


Соттук-химиялык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат Ооганда өндүрүлгөн “гашиш” (чарс) баңгизаты болуп чыгып, анын жалпы салмагы 9 кг. 521 гр. түздү.
Азыркы учурда З.З. аттуу жаран Лейлек райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бул боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы республика боюнча ушундай фактыларды аныктоого багытталган тиешелүү иш-чараларды системалуу түрдө өткөрүп турат.

ИИМдин Басма сөз кызматы