Санкт-Петербургда мигранттардын мушташы орун алып 3 Кыргыз жараны кармалды

Орусияда кыргыз мигранттары катышкан кезектеги мушташ орун алды. Бул тууралуу орус басылмалары жазып чыгышты.

Мигранттардын катышуусундагы кезектеги массалык мушташ 24-октябрда Санкт-Петербургда болгон.

Чет өлкөлүк жумушчулар дөңгөлөк желимдөө жана шаурма ишканасы жайгашкан Түштүк магистралда мушташа кетишкен. Укук коргоо кызматкерлери Кыргыз өлкөсүнүн үч жаранын кармаган.

Текшерүү көрсөткөндөй, жумушчулардын эң кичүүсү иммиграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн айып пулга жыгылган. Кармалган адам азыр Санкт-Петербургда кайсы даректе катталганын айта алган эмес.