Азимбек Бекназаровдун уулун шайлоодон четтетүү талап кылынууда

«Ыйман Нуру» партиясынын шайлоого катышуусуна тыюу салуу боюнча кайрылуу БШКга келип түштү. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалыматка караганда, кайрылууда партия диний жана этникалык негизде түзүлгөнү айтылат.

Алар партиянын тизмесиндеги талапкерлер Турсунбай Бакир уулу, Руслан Бекназаров жана Мыктыбек Арстанбек тарабынан буга чейин айтылган сөздөрүн топтоп жөнөтүшкөн.

«Кыргыз балуулуктарын коргоо кыймылынын» өкүлү Гүлзат Алиева аталган партия мүчөлөрү Кыргызстандын эгемендүүлүгүнө коркунуч жаратарын белгилеген.

Кайрылуу азыр каралып жатат.