Өлкөдө 24-октябрга карата COVID-19 илдети 96 адамдан аныкталды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
Облустардагы жаңы катталгандардын саны:
Бишкек — 52;
Ош шаары — 0;
Чүй облусу – 13;
Ош облусу – 1;
Талас облусу — 5;
Нарын облусу — 1;
Ысык-Көл облусу – 15;
Жалал-Абад облусу – 5;
Баткен облусу — 4.
Бир сутка ичинде коронавирус илдетинен 3 адам каза болду.
Ал эми бир сутка ичинде айыгып чыккандардын саны 54. Стационарда 689 жана амбулатордук түрдө 653 адам дарыланып жатат.