
Бишкек шаарында көп кабаттуу үйдүн батиринен чыккан өрттүн ичинде калган эркек киши каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, болжол менен саат 04:02 чамасында Ленин районунун Ден Сяопин көчөсүндөгү көп кабаттуу турак үйлөрдүн бириндеги батирде жыгач пол жана диван күйгөн. Өрттүн кесепетинен бир эркек киши каза болгон.
Тилсиз жоо толугу менен саат 04:52де өчүрүлгөн. Министрликтен өрт тамеки тартуудагы этиятсыздыктан келип чыккан. Маркумдун аты-жөнү такталууда.