Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү

Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди. 2021-жылдын 23-октябрында Корея Республикасыннын Сеул шаарында өтүп жаткан Эл аралык полиция саммитинин алкагында, Кыргыз Республикасынын ички иштер министри Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда, Улан Ниязбеков чет мамлекеттик кесиптештери менен тыгыз мамиле түзүү – Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин артыкчылыктуу максаты болуп саналаарын маалымдады.
Ички иштер министри Улан Ниязбеков, азыркы учурдагы Кыргызстандын ички иштер органдарынын жалпы системасын реформалоо жүргүзүп, заманбап технологияларды колдонууга чоң көнүл бурулуп, чет мамлекеттик полицияларынын бул багытта ишмердүүлүгүнүн тажрыйбасын алмашууга кызыктар экендигин баса белгилеп, бул багыттагы Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигин реформалоо жүргүзүүсүнүн жогорку технологиялык заманбап деңгээлге чыгышы кыргыз тарапка өзгөчө кызыктуу экендигин айтып, ишмердүүлүктөгү тажрыйба алмашууга чакырды.
Өз кезегинде, Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору Ахмед Насер Аль-Раиси, кыргызстандык кесиптештерине ыраазычылыгын билдирип, мындан ары жемиштүү кызматташтыкты жогорулатууга даярдыгын тастыктады.

WhatsApp Image 2021 10 23 at 08.11.32 Улан Ниязбеков Бириккен Араб Эмираттарынын Ички иштер министрлигинин Башкы инспектору менен эки тараптуу жолугушуу өткөрдү