Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу жолдордо өтө этият болууга чакырат. Унаа ээлерине кыш мезгилине
даярдыкты азыртан баштоону сунуштайт. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББы басма-сөз кызматы билдирди.
Биринчиден, аралыкты сактаңыз. Бул эреже аба ырайынын жакшы күндөрүндө да сакталууга тийиш, бирок жамгыр жааганда көрүнөө бир кыйла начарлайт, демек алдыдагы унаага чейинки аралыкты дагы көбөйтүү керек. Ошол эле ылдамдык чегине да тиешелүү. Аба ырайы начар болгондо, кырдаалды башкара алам деп ойлосоңуз да, ылдамдабаңыз. Негизи аны жаныңарда бара жаткан унаалар көзөмөлдөбөй калышы мүмкүн.
Жамгыр,кар башталгандан кийинки алгачкы эки саатта жолдо өзгөчө этият болуңуз. Аба ырайы кургак болгондо, жол чаң жана майланышып калат, ал жолдон өтүп бараткан машиналардан чыгат. Алар кургап, жамгыр жааганда
кайра нымдалып, жолду өтө тайгак кылып салышат. Эгерде жамгыр, кар катуу болсо, анда ал бир нече сааттан кийин жолдо топтолгон бардык кирди жууп салат жана унаа айдаганда анча коркунучтуу болбойт.
Эгерде сиз убагында кандайдыр бир жерге барышыңыз керек болсо жана сыртта аба ырайы начар болсо, анда жолго эрте чыкканыңыз оң. Аба ырайынын начар шартында орточо ылдамдык 40-50 чакырым / саат, болоорун
унутпагыла.
Эгер унааны токтотуу керек болсо, анда жаан -чачындуу аба ырайында тормозду ийкемдүү басуу менен эрте баштоо керек. Ошондо артыңыздагы айдоочуга токтогонуңузду көрүп, ылдамдыгын азайтууга мүмкүндүк берет.
Жолдун көрүнүүсү начар болгондо, фараларды күйгүзүп жылууну сунуштайбыз.
Бирок, алыскы нурлар бул максаттар үчүн иштебей турганын унутпаңыз – бул жамгырдын тамчыларын чагылдырат жана сизди алдыдагы унаа айдоочуларды эч нерсе көрсөтпөй салат. Жамгыр жааганда туман чырактары пайдасы чоң.
Эгерде терезе тазалагычтарыңыз иштебесе, унааны башкарбаңыз. Алдыңкы айнек тазалагычтар болбосо, жамгырда көрүнүү көрүү мүнкүнчүлүгү жоготолот. Аба ырайынын кескин өзгөрүүсүнө байланыштуу, Кыргыз Республикасынын көптөгөн жолдорунда жана ашууларында жаан карга айланып жатат, Жол
кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы унаа ээлерине жайкы дөңгөлөктөрдү кышкыга алмаштырууну сунуштайт. Кышкы дөңгөлөктөрдүн өндүрүүчүлөрү абанын суткалык орточо температурасы бир жумадан кем эмес 5-7 ° Сге чейин түшкөндө аларды орнотууну сунушташат. Дөңгөлөктүн өз убагында алмаштырылышы айдоочуга аба ырайынын жагымсыз шарттарына байланыштуу жолдогу кырдаалдарды ишенимдүү жеңүүгө мүмкүндүк берет. Бул өз кезегинде жол кырсыктарынын санын бир топ кыскартууга, демек, жол кыймылынын катышуучуларынын өмүрүн жана ден соолугун сактоого жардам
берет.
Күз-кыш мезгилинин башталышы менен айдоочуларга гана эмес, жөө адамдарга да өзгөчө кам көрүү керек. Күндүзгү саат кыскарат, жаан -чачын жана туман жолдордо көрүнүүнү да азайтат. Өз коопсуздугунун кызыкчылыгы үчүн Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жөө жүргүнчүлөргө кийимге же сумкасына чагылтуу элементтерин колдонууну сунуштайт. Жөө адамдарды түнкүсүн айдоочуларга көрүнүктүү кылган ачкыч шакектерди, билериктерди, кулондарды жекече сатып алууга же даярдоого
болот. Мындан тышкары, коопсуздукту тактап алгандан кийин, тротуарлар менен гана жүрүү керек, жолдун өтүүчү бөлүгүн жөө адамдар өтүүчү жолдон гана өтүү керек.
Аба ырайы начар болгон ашууларда жол кыймылын камсыздоо бөлүмдөрдүн кызматкерлери кыймылдын үзгүлтүксүз жүрүүсүн, тыгыындардын жаралуусуна жол бербөө, кырсыктарды алдын алуу максатында иш жүргүзүүдө. Жолдо кыйын абалга туш болгон бардык жол кыймылнын катышуучулары күнү -түнү Кыргыз
Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринен жардам ала алышат.