Усмонхон Алимов каза болгонуна карабастан, “дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине” кирди

Өзбекстандын мурдагы муфтийи Усмонхон Алимов үч ай мурда каза болгонуна карабастан, 2021-жылдагы “дүйнөдөгү эң таасирдүү 500 мусулмандын тизмесине” киргизилди.

Омандагы Стратегиялык изилдөөлөрдүн ислам борбору 2009-жылдан бери түзүп келаткан бул тизмеге Алимов буга чейин 11 жолу кирген.

Өзбекстадын Мусулмандар дин башкармалыгы өлкө муфтийи Усмонхон Алимов 15-августта Москвадагы ооруканалардын биринде көз жумганын билдирген. Дарыгерлер анын өлүмүнө COVID-19 себепчи болгонун ырасташкан. 19-октябрда анын ордуна 53 жаштагы Нуриддин Холикназаров муфтий болуп шайланган.

Быйыл дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулман деп Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Тани табылды. Экинчи орунда Сауд Арабиясынын падышасы Салман бен Абдель Азиз болсо, үчүнчүдө Ирандын жогорку лидери аятолла Али Хаменеи жайгашкан. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен Иорданиянын падышасы Абдалла II да бул тизменин алдыңкы бештигине кирген.

Мындан тышкары дүйнөдөгү эң таасирдүү мусулмандардын быйылкы тизмесинде Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон, өлкөнүн Уламалар кеңешинин төрагасы Сайидмукаррам Абдулкадирзода, Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедов, Азербайжандын президенти Ильхам Алиев жана Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров да бар.