Талас шаардык милиция кызматкерлери окуучулар менен жолугушту

Талас шаардык ички иштер бөлүмүнүн жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери жана тергөө кызматынын начальниги милициянын улук лейтенанты Эшалиев Максат, Талас шаарында жайгашкан Абжалбек Чолпонкулов атындагы №1 орто мектебинин 8-11-класстарынын окуучулары менен жолугушту. Жолугушууда милиция кызматкерлери окуучулар менен рекетчиликке каршы жана топтошуп мектептер аралык мушташтын алдын алуу максатында өспүрүмдөргө түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү. Аталган мектептин жетекчилери менен окуучулар арасында көйгөлүү маселелер талкууга алынып, милиция тарабынан кандай жардамдар керектиги белгиленди. Ошондой эле окуучулар арасынан милиция кызматкерлерине суроолордон узатышып, суроолоруна толук канааттадырарлык жоопторду ала алышты.

WhatsApp Image 2021 10 22 at 15.55.07 1 Талас шаардык милиция кызматкерлери окуучулар менен жолугушту
WhatsApp Image 2021 10 22 at 15.55.07 Талас шаардык милиция кызматкерлери окуучулар менен жолугушту

Талас ОИИБнин басма сөз кызматы