Ош жылуулук электр борбору 21-октябрдан баштап калкка жылуулук бере баштады

Бул тууралуу аталган борбор баш ийген “Электр станциялары” ишканасынын басма сөз катчысы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, алгач саламаттык сактоо объектилери, бала бакчалар жана мектептерге жылуулук берилет.

Ош ЖЭБинин 18 миң 408 абоненти бар. Мунун 17 миң 804ү көп кабаттуу үйлөрдөгү батирлер, 323ү кеңселер жана башка нерселер, 192си жеке турак жайлар, 84ү бюджеттик уюмдар, бешөө өндүрүш мекемелери.

Аталган борбордун балансында жалпы 58,474 чакырым магистралдык жана кварталдык суу жеткирүү линиялары бар.

Ош шаарында жалпы 400дөй көп кабаттуу үй бар. Анын 300дөйүн шаардык мэрияга караштуу муниципалдык “Жылуулук камсыздоо” ишканасы тейлейт.