
Бүгүн, 22-октябрда Бишкекте Кыргыз футбол бирикмесинин аткаруу комитетинин жыйыны болуп өттү. Жыйындын жүрүшүндө аткаруу комитети Кыргыз футбол бирикмесинини башкы катчысы кызматына Букуев Нурдин Медетбековичтин талапкерлигин жактырды.
Нурдин Букуев кызматын аткарууга 2021-жылдын 22-октябрынан тарта киришет.