Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчилери бир айга камалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) алдындагы Мамлекеттик чек ара кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары Курсанбек Бекташев, Чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башчысы Чынарбек Насиев жана “Достук” өткөрмө пунктунун башчысы Аскарбек Эрмекбаев 20-ноябрга чейин камакка алынды. Бул тууралуу маалыматты Ош шаардык соту ырастады.

Бекташев менен Насиевдин бөгөт чарасы 22-октябрда, Эрмекбаевдин бөгөт чарасы 21-октябрда каралды. Аларды камакка алуу өтүнмөсүн Мекемелер аралык тергөө тобунун жетекчиси, Ош гарнизонунун аскер прокурорунун улук жардамчысы, юстициянын майору С. Токтогулов берген.

Кылмышка шектүүлөр УКМКнын Ош облустук жана Ош шаардык башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында камала турган болушту.