Кыргызпатент менен Казпатент өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги (Кыргызпатент) Казакстан Республикасынын Юстиция министрлигинин Интеллектуалдык менчик улуттук институту (Казпатент) менен өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол койду.
Кол коюу салтанатын Казпатенттин директору Ербол Оспанов ачып берип,  Рахат Керимбаеваны Кыргызпатенттин директору кызматына дайындалышы менен куттуктап, Меморандумдун алкагында эки ведомствонун ортосундагы кызматташтыктын багыттарына токтолуп өттү.  
Рахат Керимбаева өз кезегинде, аталган Меморандумга кол коюу эки ведомствонун өнөктөштүк мамилесин чыңдап, бирге алгылыктуу долбоорлорду ишке ашырууга шарт түзөөрүн белгилеп, Ербол Оспановду 27-октябрда Бишкек шаарында өткөрүлүүчү алгачкы көп функционалдуу мамлекеттик инновациялык борбордун ачылыш аземине чакырды. 
Иш-чаранын жыйынтыгында тараптар Меморандумдун алкагында 2022-жылдан тарта биргеликте иш-чараларды өткөрүүгө даяр экендигин билдиришти.