Кара-Балтада 24 жаштагы жаран ур-токмоктон улам каза болду

Бул тууралуу Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя 12-октябрда болгон.

«Ооруканага сабалган жигит келип түшкөн. Ал комага түшүп, 19-октябрда каза болуп калган. Аталган факт Жазык кодексинин 138-беренеси менен (Ден соолукка оор зыян келтирүү) КЖБРга катталган.

Тергөөчүлөрдүн билдирүүсүнө караганда, маркумду тааныштары сабап салган. Чүй ОИИББдин жана Жайыл РИИБдин кызматкерлери шектүүлөрдүн биринин изине түшкөн. Ал 24 жаштагы А.И. экени белгилүү болду», — деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, А.И. камакка алынды. Ал эми экинчи шектүү — 31 жаштагы Т.В. издөөгө алынды.

Тергөө уланууда.