BULAK.kg сайтынын редакциясына ачык маалыматтардан белгилүү болгондой, министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басары Эдил Байсаловдун Швецияда туруктуу жашап туруу укугу бар.
Ratsit.se порталында жайгашкан маалыматтарга ылайык, Байсалов Швецияда туруктуу жашап туруу укугуна ээ болуу үчүн арызды 2019-жылдын 30-апрелинде берген. Ал Швеция мамлекетинде 2020-жылдын 5-ноябрында 19770806 деген номер менен эмигрант катары катталган. Байсаловдун төрөлгөн датасы да дал келип турганы маалыматты бекемдейт (06.08.1977).
Жарыяланган мындай маалыматтар боюнча Байсалов ММКларга өзү үн катып, мындай деди:
“Биринчиден, мыйзамды окугула. Туруктуу жашап туруу укугу мамлекеттик кызматка отурганга уруксат бербеген Россияда жашап жаткан жокпуз. Экинчиден, таралган маалымат – бул карандай калп. Эч кандай арыз менен 2019-2020-жылдары эч кайда кайрылган эмесмин. Менин 2008-2010 – жылдары Швецияда жашаганым бардыгына белгилүү факт. 2010-жылы 8-апрель күнү таң эрте учуп кеткем. Ооба, Швецияда менин жашы жете элек кызым жашайт. Бирок, бул менин жашоом, жеке милдеттенмелерим, мамлекеттик ишиме эч кандай тиешеси жок. Эбак эле көчүп кетүүгө болгон миллион мүмкүнчүлүккө карабастан, Кыргызстанда жашап келем, дагы да жашай берем”.
Эдил Байсаловдун айтымында, 2008-жылы Кыргызстандан качкан кезде Швециядан туруктуу жашап туруу укугун качкын катары алган. “Бирок, бул статус сен өлкөдө жашай берсең гана сакталат. Мен эки жылдан кийин Бишкекке кайтып келип, убактылуу өкмөттүн аппаратында иштеп, дайым Кыргызстанда болгом. Менде башка паспорт жана туруктуу жашап туруу укугу жок”, – деп кошумчалады.
“Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат” тууралуу Мыйзамда: “Башка мамлекеттин жарандыгын алгандар мамлекеттик органдарда жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында жетекчилик кызматты ээлей албайт”, – деп жазылган. Ал эми, туруктуу жашап туруу укугу тууралуу билдирме жок.
Эдил Байсаловго байланыштуу жарыяланган бул маалымат жана фактылардын канчалык деңгээлде коркунучу бар? Бул тууралуу юрист Таттуубүбү Эргешбаева өзүнүн Facebook баракчасына жазып калтырды:
“Эгер туруктуу жашап туруу укугу статусу качкын (REFUGEE) катары алынса коркунуч бар деп айтууга болот. Анткени, чет өлкөнүн миграция кызматына жана полициясына биздин жаран Кыргыз Республикасынын кысымы жөнүндө айтып, өлкөсү тууралуу конфиденциалдык жана негативдүү маалыматтарды таратып, өмүр баянын берет.
Баш паанек сураган адамды сексуалдык, улуттук, диний, социалдык себептерден улам жөнөкөй качкын катары кабыл алышат. Бирок, эң чоң коркунуч жаратканы – саясий качкындар (POLITICAL REFUGEE). Бул статус өз өлкөсүндө кысымга дуушар болгондорго берилип, качкын Кыргыз Республикасы тууралуу мамлекеттик деңгээлдеги негативдүү информацияны ачыктайт.
Ал эми, бөлөк көп узакка берилчү башка мамлекеттеги визаларга эч кандай чектөөсүз уруксат берилет. Аларга: студенттик виза, иш визасы, туруктуу жашап туруу укугу (temporary and permamently residence permit) кирет. Ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар министрлер кабинетинин жетекчисинин орун басарынын бул статусун карап, текшерип андан ары чечим чыгарышы керек. Эгер, чындыгында саясий качкын катары катталган болсо, Байсалов саясий кызматта отуруу укугуна ээ эмес. КРнын Мыйзамына ылайык, мамлекеттик маанилүү маалыматтарга жана материалдарга аралашууга жол берилбейт”.