Садыр Жапаров: “Жергиликтүү бийлик электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу ишин жүргүзүшү керек”

Бишкек шаарында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана жергиликтүү мамлекеттик администрация башчыларынын республикалык кеңешмеси өтүп жатат.

Өз сөзүндө президент электр энергиясы көйгөйүнө да токтолуп кетти.

“Азыр электр энергиясын Түркмөнстандан алып жатабыз. Казакстан, Өзбекстан мурдагы келишимдердин негизинде электр энергиясын берип жатышат. Биз электр энергиясын кошуна өлкөлөрдөн бүгүн эле импорттоп жаткан жокпуз. 2010-жылдан бери бүгүнкү күнгө чейин электр энергиясын импорттоп жатабыз. Менин тапшырмам менен энергетика министри электр энергияны үнөмдөгүлө деп суранган. Күндүз жарыктар күйүп турат. Бул эмнени билдирет. Бул бизге электр энергия арзан болгон үчүн. Ушуга байланыштуу жергиликтүү бийлик электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу ишин жүргүзүшү керек. 2024-жылы электр энергия кризисинен чыгабыз”, – деди президент.