Милиция Леонид Зеличенкону туулган күнү менен куттуктады

Ички иштер министрлиги милиция кызматкерлеринин тажрыйбалуу насаатчыларынын бири Леонид Зеличенкону туулган күнү менен куттуктады

WhatsApp Image 2021 10 21 at 09.10.10 Милиция Леонид Зеличенкону туулган күнү менен куттуктады
WhatsApp Image 2021 10 21 at 09.10.09 Милиция Леонид Зеличенкону туулган күнү менен куттуктады

Бүгүн, Кыргызстандын журналисттер союзунун мүчөсү, ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасынын орун басары милициянын отставкадагы полковниги Зеличенко Леонид Яковлевич 88 жашка толду. Бул маанилүү күнгө утурлай, министрликтин жетекчилигинин, ардагерлердин атынан ИИМдин Ардагерлер кеңешинин төрагасы Султан Жоошбаев туулган күн ээсин жылуу куттуктап келди.
“Урматтуу Леонид Яковлевич, сизди бүгүнкү туулган күнүңүз менен куттуктайбыз. Сизге күжүрмөндүктү, оптимизмди, бекем ден соолукту каалайбыз. Сиздердин ар бир күнүңүздөр жакындарыңыздын мээримине толсун. Бардык жакшылыктарды каалайбыз!”,-деп туулган күн ээсин куттуктады Султан Жоошбаевич.
Леонид Яковлевич чыгармачыл жолун 1957-жылы баштаган. Сынактардын баарынан өтүп, “Милиция кызматкери” ведомстволук газетасынын адабий кызматкери катары ИИМге жумушка алынган.
ИИМдин тутумунда Леонид Яковлевич 40 жыл иштеген. Ведомстволук газетанын редактору, усулдук уюштуруу бөлүмүнүн, Милициянын жетекчилик курамын даярдоо боюнча республикалык мектептин начальниги, ИИМдин саясий бөлүмүнүн начальнигинин орун басары кызматтарын аркалаган.
Милиция кызматындагы актуалдуу жана орчундуу окуялар тууралуу миңдеген макалаларды, очерктерди жазган. 1973-жылы Леонид Яковлевич “Ар дайым көңүлдө” жалпы союздук көркөм көргөзмөсүнүн дипломанты болгон. Андан соң “Келишпестик” аттуу китебин жазып, жалпы союздук сынакта дипломго ээ болгон. 2021-жылы Россия Федерациясынын Ички иштер министрлиги тарабынан уюштурулган “Шит и перо” эл аралык сынагынын лауреаты болгон.
Л.Я. Зеличенко көптөгөн тарыхый очерктердин, публицистикалык топтомдордун автору, детективдик чыгармалардын авторлорунун бири.
Леонид Яковлевичтин сценарийи боюнча “Кыргызфильм” студиясы тарабынан милициянын иши жөнүндө 8 документалдык фильм тартылган. Ал Кыргызстандын милициясынын тарыхы жөнүндөгү музей үчүн материалдарды тандоо боюнча комиссиянын жетекчиси, “Эфирде 02” бир айлык республикалык тележурналынын редактору, детективдерди сүйүүчүлөр клубунун, укукту билүүчүлөр, милиция жөнүндө мыкты ырлар сынагынын негиздөөчүсү, “Ар дайым постто” тематикалык чыгармалардын топтомунун түзүүчүсү катары таанымал инсан.

ИИМдин Басма сөз кызматы