Мээрим Жуманазарованын машыктыруучусу Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында дүйнө чемпиону аталды

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча ардагер балбандардын дүйнө чемпионатында Чынарбек Изабеков биринчи орунду алды. Бул тууралуу КР Күрөш федерациясы Instagram баракчасында кабарлады. 

Спортчу 100 килограммга (D дивизиону) чейинки салмак ченинде үчүнчү ирет дүйнө чемпиону болду.

Ал польшалык атаандашка туш келип, 5:0 эсебинде утуп алды. Ага чейин ирандык жана АКШлык спортчуларды жеңген.

Мелдеш Грециянын Лутраки шаарында өтүп жатат.

Чынарбек Изабеков ардагерлер арасында эки жолку дүйнө чемпиону. Ал Токио Олимпиадасынын коло байгесинин ээси, 2021-жылдагы дүйнө чемпиону Мээрим Жуманазарованын жеке машыктыруучусу болуп саналат.