Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду

Кыргызстандык балбан Талант Бегалиев ардагерлер арасындагы күрөш боюнча Дүйнө чемпиону болду. Бул тууралуу Кыргызстандын күрөш федерациясынан билдиришти.

Бегалиев 70 килограммга чейинки салмак ченинде эркин күрөш боюнча мелдештин финалында америкалык Майкл Лиге каршы килем үстүнө чыгып, каршылашын 11:0 эсебинде жеңди.

Грек-рим жана эркин күрөш боюнча мелдеш 19-24-октябрда Грециянын Лутраки шаарында өтөт.