Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өттү

Равшан Жээнбеков ден соолугу начарлап, дарыгерлердин кароосунан өткөнүн уулу Азат Равшан «Фейсбуктагы» баракчасына жазды.

https://www.facebook.com/1119094097/videos/264494965627549/

«Бүгүн атам ооруканада медициналык кароодон өткөрүлдү. Бардыгы жакшы болот деп ишенем»,-деп жазган ал.

Эске салсак, Жээнбеков Кой-Таш окуясы боюнча айыпталып, 2019-жылдын 12-декабрында камакка алынган. Былтыр парламенттик шайлоодон кийинки башаламандык учурунда абактан бошотулган. Сот саясатчы үй камагынын талаптарын бузганын жүйө келтирип, быйыл 5-августта кайра №1 тергөө абагына камакка алуу чечимин кабыл алган.