Кыргызстандык кондитер Россияда мыкты аталды

Кыргызстандык Анара Мурзакулова Россиядагы “Кондитер” теледолбоорунун юбилейлик 5-сезонунун жеңүүчүсү аталып, 1 миллион рублга ээ болду.

Белгилүү болгондой, Мурзакулова менен бирге супер финалда орусиялык 3 кондитер ат салышкан.

Буга чейин, кондитер Анара Мурзакулова орусиялык көңүл ачуучу “Пятница” телеканалында “Кондитер” теледолбоорунун 5-сезонунун супер финалына өткөн.