
Бишкекте сууга түшүп кеткен адамды издөө иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 10-октябрында Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ч.Валиханов көчөсүндө каналга (быстроток) 1986-жылы туулган С.Т. аттуу эркек киши түшүп кеткен.
19-октябрь күнү ӨКМден 8 куткаруучу тартылган, бирок натыйжа болгон эмес.
Бүгүн, 20-октябрь күнү издөө иштери улантылат.