Ош шаарында цехтен өрт чыгып, 3 киши күйүк алды

Ош шаарынын Касымбеков көчөсүндө жайгашкан жеке менчик битум цехтин аймагында 16 чарчы метр кара чайыр күйгөн. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Өрттүн кесепетинен Өзбекстандын 48 жаштагы Ж.М. аттуу тургуну 12% күйүк, 30 жаштагы Р.Н. 8-10%, 45 жаштагы С.А. аттуу тургуну 7% күйүк алып, тез жардам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Өрттүн себеби такталууда.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында 10 өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө 11 бөлүм тартылган