
Грек-рим күрөшү боюнча балбан Акжол Махмудов дүйнөлүк рейтингде 4-орунга түшүп калды. Жаңыланган рейтинг дүйнөлүк күрөш уюмунун расмий сайтына жарыяланды.
Жаңыланган рейтинг Норвегияда өткөн дүйнө чемпиондугунан кийин түзүлгөн. Эскертке кетсек Акжол Махмудов аталган чемпиондукка катышкан эмес. Мындан улам ал 2-орундан 4-орунга түшүп калган.
