Жапаров «Кара-Кече» көмүр кенинин иши менен таанышты

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Нарын облусуна жумушчу сапары менен барып, «Кара-Кече» көмүр кенинин иши менен таанышты.

Министрлер кабинетинин башчысы «Кыргыз Көмүр» мамлекеттик ишканасынын иши менен жеринде таанышты.

Тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү бийлик органдарынын, кен казуучу компания өкүлдөрүнүн катышуусундагы  кеңешменин жүрүшүндө Акылбек Жапаров күз-кыш мезгилинде көмүр менен биринчи кезекте калк, социалдык объектилер жана энергетикалык тармактын ишканалары камсыздалышы тийиштигин дагы бир ирет эскертти.  

 «Көмүр кендеринде коопсуздук жана тартип камсыздалышы абдан маанилүү. Сиздерге белгилүү болгондой, үстүбүздөгү жылы жылытуу мезгилине карай даярдык кечигүү менен башталды. Мындайга жол берилбеши керек. Иштер үзгүлтүккө учураса, тийиштүү жактар жоопкерчилик тартат. Бүгүнкү күндө «Кара-Кечеде» инфраструктуралык маселелер ыкчам тартипте чечилиши зарыл», — деди Акылбек Жапаров.