Өзбекстан жарандары “Ермак” футболдук клубунун оюнчусун сабап өлтүрүштү

Орусиянын Калуга облусунда Өзбекстан жарандары “Ермак” футболдук клубунун оюнчусу Виктор Кочетовду сабап өлтүрүштү. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, “Ермак” футболдук клубу Калуга облусунун чемпиондугунда күмүш байгеге ээ болгон үчүн Виктор Кочетов жана анын эки досу саунага барып эс алышкан. Сауна жабылгандан кийин алар жакын жердеги “Ташкент” кафесине барып, отурушун уланткан.

Ошол жерден алардын ортосунда Өзбекстандын үч жараны менен чыр чыгып, Виктор Кочетов токмоктолуп каза болгон.Анын мурду сынып, кан кете баштаган. Кафенин кожоюну аларды узатып коюп кеткендигин айтат.

Жанындагы достоу футболисттин ахыбалын билишкен эмес. Тез жардам унаасы 40 минутадан келгенин анын жубайы укук коргоо органдарына айтып берди. Бирок, анын денеси муздап калган.

Бул окуяга шектелип Өзбекстандын бир жараны кармалды. Дагы бир шектүү Орусиядан чыгып кеткени белгилүү болгон. Маркумдун артында бир жарым жаштагы кызы калды.