Вице-премьер-министр Эдил Байсалов Текебаевдин билдирүүсүнө жооп берип, видеосун жарыялады:
“Айланайын؟ Өмүрбек Чиркешович, тойдон кийин чыгып алып, мага сиздин жообунузду жиберип жатышат. Мен сизди терең сыйлайм. Мен сизге Текебаевдин доорунда жашап жатабыз деп айткам. Бул куттуктоо да, сыноо дагы. Анткени, сиздин дооруңуздун кесепети, жыйынтыгы көз алдыбызда да. Кандай жашап жатабыз, жаштарыбыз каякта? Кыргыздар каякта тентип жүрүшөт? Канча жыл бою сиз чындык дегенсиз. Бийликтин баары 2010-жылы сиздин колунузга тийген. Сиздин фракцияныздан бир эле Никитенко эле калды го…” – деди Байсалов.