Муфтият “Куран жазы” аттуу эл аралык Куран жарышын жарыялайт

Кыргыз мусулмандарынын дин башкармалыгы “Куран жазы” аттуу эл аралык Куран жарышын жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жарыш КМШ өлкөлөрүнөн чакырылган Куранды толук билген адамдардын арасында Куранды жатка окуу боюнча өтөт.

Куран жазы” аттуу эл аралык Куран жарышы, 30-октябрда Бишкек шаарындагы Имам Сарахсий атындагы башкы мечитте КМШ мамлекеттеринен келген атактуу куранды толук жаттаган аалымдар жана өлкөбүздөгү аалымдардын катышуусунда болот”, – деп жазылган маалыматта.