КТРКнын мурунку директору Бахтияр Алиев Социалдык фонддун башчысы болуп дайындалды

Социалдык фонддун башчысы болуп КТРКнын экс-башкы директору Бахтияр Алиев дайындалды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 18-октябрда Бахтияр Алиевди командага министрлер кабинетинин социалдык блок боюнча орун басары Эдил Байсалов тааныштырды.

Белгилей кетсек, Бахтияр Алиев Коомдук телерадиоберүү корпорациясын 2020-жылдын декабрынан быйылкы жылдын 15-октябрына чейин жетектеген. Анын ордуна мурунку маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев дайылдалган. Ал эми Социалдык фонддун төрагасы Жаныбек Орозалиев 9-октябрда отставкага кеткен.