
Ош шаарынын Авиценна көчөсүндө жайгашкан 5 кабаттуу үйдүн балконунан секирүүгө аракет жасаган кыз куткарылды. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, аталган үйдөгү батирдин жашоочусу – 2008-жылы туулган О.А. өз өмүрүн кыюуга аракет кылган. Куткаруучулар кыз менен сүйлөшүү жүргүзүп, өз өмүрүн кыйбоого көндүрүшкөн. Жыйынтыгында кыз аман-эсен куткарылып, ата-энесине өткөрүлүп берилди. Окуя болгон жерге 4 куткаруучу тартылган.