
Грек-рим курөшү боюнча балбан Жоломан Шаршенбеков дүйнөлүк рейтингде 3-орунга көтөрүлдү. Жаңыланган рейтинг Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында жарыяланды.
Шаршенбеков Осло шаарында 60 килограммга чейинки салмак ченинде мелдешип, финалга чейин жеткен.. Финалдын жыйынтыгында 2-орунга ээ болуп, күмүш медаль тагынган.
Муну менен балбан 40 упай топтоп, дүйнөлүк рейтингде 13-орундан 3-орунга көтөрүлгөн.