“Талибан” кыймылы Өзбекстанга иш сапары менен келип кетти


Ооганстанда “Талибан” кыймылы түзгөн убактылуу өкмөт кечээ, 16-октябрда Өзбекстанга иш сапары менен келди. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, эки тараптын жолугушуусу Өзбекстандын Ооганстанга жакын аймагында жайгашкан Термез шаарында болуп өттү. Талибдердин делегациясын убактылуу өкмөттү жетектеп турган Абдул Салам Ханафи баштап келди. Ал эми Өзбекстан тараптан жолугушууга вице-премьер-министр Сардор Умурзаков катышкан.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык байланыштарды жакшыртуу, чек ара коопсуздугун бекемдөө, энергетика тармагында кызматташуу жана эл аралык жүк өткөрүү, транзит маселелери талкууланганы жазылган маалыматта. Ошондой эле эки өлкө ортосундагы электр линияларын тартуу жана биргелешип темир жол куруу демилгеси да көтөрүлгөнү кабарланды. Буга чейин, 7-октябрда Өзбекстан менен талибдердин жолугушуусу Ооганстандын Кабул шаарында орун алган.