Текебаев: “Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек”

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп жаңы дайындалган Эдил Байсалов мындан ары өкмөт мурдагыдай парламентке көз каранды жагдайда иштебей турганын “Азаттык” радиосунун “Эксперттер талдайт” берүүсүндө айткан.

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев талкуу учурунда парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керектигин айтты.

«Президент Садыр Жапаров Акылбек Жапаровду көзөмөлдөшү үчүн ага караганда эки эсе алысты көрө билиши керек, ага караганда эки эсе билимдүү болушу керек. Ошондо гана аны көзөмөлдөсө болот. Жалгыз президент аны көзөмөлдөй албайт. Коомдук пикир, массалык маалымат каражаттарынын эркиндиги жана парламентте көрөгөч, тайманбаган оппозиция керек. Бийликтегилердин түбүнө кошоматчылар жеткен» , — деди Текебаев.