Сузак районундагы Бек-Абад айылында жылкынын этине ууланган 106 киши жергиликтүү ооруканага кайрылды. Бул тууралуу министрликтен билдиришти.
Маалыматка ылайык, жабыркагандардын 16сы ооруканага жаткырылган.
«Абалдары канаттандырарлык»,-деп билдиришти Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Эске салсак, Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургуну 1964-ж.т. И.Р. үйүндө үстүбүздөгү жылдын 9-октябрь күнү жылкы союп, 10-октябрь күнү небересине той өткөргөн жана тойго келген конокторго 9-октябрь күнү союлган жылкынын эти тартылган. Бул тойго катышкан 100дөн ашуун жаран 2021-жылдын 11-октябрынан тартып дарыгерлерге кайрылышкан.