Нарын ОИИБнин начальниги Алмазбек Жумабеков ЕККУнун Бишкектеги башчысы Алексей Рогов менен жолукту

Бүгүн, 14-октябрь күнү Нарын ОИИБнин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Жумабеков Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) Бишкектеги Программалык кеңсесинин башчысы Алексей Рогов баштаган өкүлдөрү менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушууда буга чейинки кызматташтыкты улантуу жана алдыдагы жаңы кадамдар боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.

Алмазбек Жумабеков ЕККУнун өкүлдөрүнө Нарын облусунун ички иштер бөлүмдөрүн колдоп, милициянын көчмө кабылдамалары үчүн унааларды жана техникалык каражаттарды алып бергендиги, бир катар масштабдуу окутууларды, тренингдерди жүргүзгөндүгү үчүн терең ыраазычылык билдирди.

Муну менен катар адамдардын коопсуздугун жана укуктарын коргоо багытындагы окуу-семинарларды уюштуруп, басма сөз кызматына телекоммуникациялык колдоо көрсөтүү долбоорлорун сунуштады.

Иш-чарада Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун өкүлдөрү милициянын көчмө кабылдамасы Нарын облусунун Ат-Башы, Жумгал, Кочкор жана Ак-Талаа райондорунда иш алып барып жаткан милициянын көчмө кабылдамасынын ишмердүүлүгү боюнча таанышып, эл менен тыгыз иш алып барып жаткандыгын, калктын аярлуу катмарынын жергиликтүү жашоочулардын көйгөйлүү маселелерин жерине угуп тиешелүү жардамдар берилип жаткандагы тууралуу маалымат алышып, аталган автоунаалар боюнча да дагы да жардам көрсөтөөрүн баса белгилешти.

Нарын ОИИБнин Басма сөз кызматы