Бүгүн, UFC мушкери Рафаэль Физиев социалдык тармактардан түрдүү коркутуу-үркүтүү каттары келип жатканын белгилеп, ага муфтият басым кылганын айтып чыкты. Бул тууралуу видеону ал өзүнүн Instagram баракчасына жайгаштырды.
“Бүгүн мага, менин үй-бүлөмө муфтият жана бир катар белгилүү адамдар тарабынан кысым көрсөтүлүүдө. Ар кандай жалган-жалаалардан тажадым. Күн сайын миңдеген каттар келип, коркутуп жатышат. Жада калса, жубайыма да жазгандар бар” – деп айтты.
Ошондой эле, эч качан кайсы бир диний багытка үгүттөгөн эместигин айтып, Instagram баракчаларында башка миллиондогон адамдар жүктөгөн эле видеону салганын белгиледи.
“Мен күнүмкү өзүмдүн жашоомду эле көрсөтүп жаткам. Светтик өлкөдө ар бир адам өз пикирин айтууга укуктуу. Мыйзам чегиндеги каалаган иш-аракетти жасай алабыз. Муфтият тарабынан кысым болуп, кедергиси үй-бүлөмө да тийүүдө. Болду мен кетем, мындан ары Кыргызстан менен мени паспорттон башка эч нерсе байланыштырбайт. Жакын арада үй-бүлөмдү көчүрүп кетүү маселеси менен алектенем”, – деп калтырды.
Мындан ары Кыргызстандын желеги алдында чыкпай турганын, буга чейин деле үй-бүлөсү өзү менен өзү болгонун айтып, эч кимдин алдында милдеттенмеси жок экендигин белгиледи.
Өз учурунда муфтияттын маалымат кызматы спортчунун мындай айткандары чындыкка туура келбей турганын белгиледи.
“Биз Физиев жайгаштырган видеону көрдүк. Анын айтып жаткан арыздануусуна, нааразычылыктарына муфтияттын эч кандай тиешеси жок. Кыргызстан светтик мамлекет болгондуктан ар бир адам тигил же бул динде болууну өзү тандайт. Биз эч качан кайсы бир адамды же топту коркутуп-үркүтүү менен алек болгон эмеспиз. Биздин ишибиз динибиздин үгүт иштери менен, элди агартуу менен эле чектелет. Анын айткандары, чынында бизди таң калтырды. Биз Максат ажынын бул маселе боюнча айткан пикирлерин көргөнбүз. Ал инсандын муфтийликтен кеткенине бир жыл болбодубу. Аны азыркыга чейин бизде иштейт деп ойлошот окшойт. Физиевге кайсы бир адамдардын жазып, коркутуп жатканына биздин кандай тиешебиз бар?”