Кечээ, 13-октябрда Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы шектелип кармалгандыгы кабарланган. Үрөй учурган кылмыштын айрым деталдарын түрк басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, өлтүрүлгөн Аят А.нын денесинин бөлүктөрү жарым-жартылай жуунуучу бөлмөдөгү таштанды челегинен, калган бөлүгү үйдүн алдында токтоп турган мамлекеттик номерлүү автоунаанын багажынан таштанды салынуучу баштыктардан табылган.
Шектүү Фехми Адсыздын келини Аят А.га бычак сайгандан кийин колу-бутун араа менен кескени аныкталды. Өзүнүн билдирүүсүндө, келини неберелерин дайыма сабап жүргөнүн, ошондуктан аны өлтүргөнүн полиция кызматкерлерине айтып берген
Толгахандын текстиль фабрикасында кароолчу экенин белгилеген пенсионер Фехми Адсыз келининин неберелерин дайыма сабап жатканын жана аялы экөөнө да жакшы мамиле кылбаганы үчүн көйгөйлөр жаралып келгенин айткан. Адсыз келинине дал ушул себептен улам көп жолу эскертүү бергенин, алардын ортосунда маал-маалы менен уруш чыгып турганын кошумчалаган.
Фехми Адсыз келинин өлтүргөн күнү аялы, 2 небереси жана келини менен сейилдөөгө чыккан. Андан соң аялынан неберелерин бир азга алып чыгууну суранганын, келини менен үйгө кайтып келип аны өлтүргөнүн моюнуна алган. Фехми Адсыз өз билдирүүсүндө: “Келиним неберелерибизди дайыма биздин көз алдыбызда сабап, аларга жаман мамиле кылчу. Мен аны көп жолу урба деп эскерттим, бирок ал эскертүүлөрүмө көңүл бурбады. Кайра мени менен айтышчу. Мен ага көп жолу эскерткем. Бирок ал уккан жок, мен ага бычак сайгандан кийин өзүмдү жоготуп алдым”, – деген Адсыз.