
16-17-октябрда Бишкек шаарында азык-түлүк жарманкеси өтөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, иш-чара Бишкек мэриясы менен биргеликте уюштурулуп, айыл чарба азыктары дүңүнөн арзан сатылат.
Жарманке өтүүчү даректер:
- Раззаков көчөсүндө (Токтогул жана Киев көчөлөрүнүн ортосу);
- 12-кичи райондогу Жетикашкаева жана Токомбаев көчөлөрүнүн кесилишинде;
Маалымат үчүн телефондор: (0222) 55-55-21, (0509) 55-21-55, (0995) 21-55-55, (0771) 94-94-99.