
Түркияда Кыргызстандын жаранын мыкаачылык менен өлтүрүлүп, кылмышка шектүү катары анын кайын атасы кармалды. Бултууралуу 12-октябрда түркиялык маалымат каражаттары жазды.
Маалыматка ылайык, окуя Текирдак шаарында болгон.
«65 жаштагы Фехми менен 31 жаштагы келини А.Аяттын ортосунда чыр чыккан. Аят менен Фехминин уулу 2 балалуу болушкан. Уруш кол көтөрүүгө чейин жетип, Фехми келини Аятты бычактап өлтүргөн. Андан кийин бул ишин жашыруу максатында маркумдун денесин бөлүктөргө бөлүп, теңин таштанды челекке, теңин автоунаанын багажына каткан», — деп айтылат маалыматта.
Ошол учурда маркум келиндин кайын энеси үйүнө барып, кошуналарын жардамга чакырган. Кошуналары полиция кызматкерлерине кайрылган.