Садыр Жапаров 11-октябрда, Жогорку Кеңеш тарабынан үстүбүздөгү жылдын 6-октябрында кабыл алынган “Кыргыз Республикасынын министрлер кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Аталган мыйзам аткаруу бийлик органдарынын системасын аныктайт жана Кыргыз Республикасынын министрлер кабинетинин ишин калыптандыруу жана уюштуруу тартибин, министрлер кабинетинин мүчөлөрүнүн укуктарын, милдеттерин, жоопкерчиликтерин жана ошондой эле кепилдиктерин жөнгө салат.
Мыйзамда министрлер кабинетинин курамын түзүү, министрлер кабинетинин мүчөлөрүн бош кызмат орундарына дайындоо жол-жобосу көрсөтүлгөн.
Министрлер кабинетинин төрагасы жана министрлер кабинетинин башка мүчөсү, башка аткаруу бийлик органдарынын жетекчиси кызматына талапкерлер үчүн төмөнкүдөй квалификациялык талаптар коюлат: жогорку билимдүү, ошондой эле мамлекеттик жана/же муниципалдык кызматтарда жалпысынан 10 жылдан кем эмес иш тажрыйбасы бар, анын ичинен 5 жыл жетекчилик кызматтарда же 10 жылдан кем эмес тиешелүү тармактарда тажрыйбасы болушу зарыл. Талапкерлер квалификациялык талаптардан сырткары, Кыргыз Республикасынын жараны болуп, башка мамлекеттин жарандыгы жок жана соттолбогон болушу керек.
Ошондой эле, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 89-беренесин ишке ашыруу алкагында министрлер кабинетинин төрагасы ошол эле учурда президенттин администрациясынын жетекчиси болору мыйзам менен аныкталат.
Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, аткаруу бийлигинин башка органдарынын жетекчилери үчүн бир катар чектөөлөр белгиленген.
Тактап айтканда, дайындалган жооптуу кызматкерлер ишкердик менен алектенүүгө, референдум учурунда (шайлоо кампанияларында) административдик ресурстарды колдонууга ж.б. укугу жок. Мындан сырткары, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматына киришип жатып жеке (өз) кызыкчылыктары тууралуу декларациясын министрлер кабинетинин төрагасына берүүгө тийиш.
Мыйзамда ошондой эле министрлер кабинетинин же анын айрым мүчөсүнүн кызматтан кетүү маселелери жөнгө салынган.
Алсак, министрлер кабинетинин мүчөсү кызматтан кетүү жөнүндө өтүнүч берүүгө укуктуу. Отставка президент тарабынан кабыл алынат же четке кагылат. Аны менен бирге, президент өз демилгеси менен же Жогорку Кеңештин, же Элдик Курултайдын сунушун эске алуу менен министрлер кабинетинин төрагасын же министрлер кабинетинин башка мүчөсүн кызматтан бошотуу жөнүндө чечим кабыл алуу укугуна ээ.
Мындан тышкары, мыйзамда министрлер кабинетинин мүчөсү кызматынан бошотулушу мүмкүн болгон негиздер каралган.
Бир эле учурда, мыйзам менен министрлер кабинетинин, анын ичинде жогорку коллегиалдуу мамлекеттик органдын ыйгарым укуктары жана ишмердүүлүгүн уюштуруу, министрлер кабинетинин төрагасынын жана мүчөлөрүнүн, президенттин аймактардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрүнүн, ошондой эле бардыгы биригип аткаруу бийлик органдарынын системасын түзгөн жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын укуктары аныкталат.
Министрлер кабинетинин төрагасы мыйзамдарды демилгелөө укугуна ээ болгондуктан, министрлер кабинети ченем жаратуучу орган болгондуктан, мыйзамда министрлер кабинетинин мыйзам чыгаруу ишине катышуусун аныктоочу укуктук ченемдер каралган.
Бул конституциялык мыйзам бүгүнтөн баштап күчүнө кирет, андан кийин мамлекет башчысы тарабынан министрлер кабинетинин түзүмү жана курамы аныкталып, талапкерлер макулдашуу үчүн Жогорку Кеңешке киргизилет.
Белгилей кетсек, акыркы айларда аталган конституциялык мыйзамдын тегерегинде талкуулар жүргүзүлдү. Ага кол коюлгандан кийин, 2021-жылдын 5-майында кабыл алынган өлкөнүн жаңы Конституциясына ылайык, министрлер кабинети толугу менен иштеп баштайт.