Мирлан Жеенчороев жана Жанар Акаев “Альянс” саясий партиясынын тең төрагасы болуп шайланышты. Мындай чечим партиянын бүгүнкү съездинде кабыл алынды.
Өз сөзүндө Мирлан Жеенчороев бир жыл мурунку октябрь айында өткөн парламенттик шайлоодогу одоно мыйзам бузууларды эске салып, бул сапар шайлоо таза, коркутуп-үркүтүүсү жок өтүшү керектигин баса белгиледи.
Тең төрага Жанар Акаев “Альянс” партиясынын өзгөчөлүктөрүн атап, анын курамындагы талапкерлердин буга чейин жасаган иштерине кеңири токтолду.
Аталган партиянын катарында Алтынбек Сулайманов, Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Чыңгыз Айдарбеков, Эрнис Кыязов, Чынара Капарова, Сейтек Качкынбай, Элдар Абакиров, Таабалды Тиллаев, Гүлкан Молдобекова, Оргалча Токтобүбү, Фарходбек Алимжанов, Максатбек Сулайманов, Жолдошбек Кожобеков жана башкалар бар.