Министрликтер кайрадан өз алдынча болуп бөлүндү

Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана регламент боюнча комитети президент Садыр Жапаров сунуштаган министрлер кабинетинин жаңы курамын жактырды. Жыйындын аягында депутаттар президент тарабынан сунушталган курам толугу менен колдошту. Акылбек Жапаров айрым министрликтерде өзгөрүү боло тургандыгын билдирди.

Анын айтуусуна караганда, Саламаттык сактоо, социалдык министрлигинде, экономика жана финансы министрликтери кайрадан өзгөртүлөт.

“Биз 9 айдын аралыгында анализ жасадык. Анда министрликтер бириккен болчу. Тактап айтканда, Саламаттык сактоо менен социалдык өнүктүрүү  министрликтери бириккен, ошону менен бирге финансы министрлиги менен Экономика министрликтери бириккен. Булардын баары кайра өз алдынча болмокчу”, – деп баса белгиледи Жапаров.

Эске салсак, алты ай мурда Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү, экономика жана финансы министрликтери бириктирилген болчу.

Акылбек Жапаровду жаңы Конституцияга ылайык Министрлер кабинетинин төрагасы-президенттик аппараттын жетекчиси кызматына сунуштаганын мамлекет башчы Садыр Жапаров 12-октябрда жарыялады.

Ал социалдык түйүндөрдөгү расмий баракчасына Жапаров өлкө экономикасын кризистен алып чыгууга убада бергени менен түшүндүрдү.